
.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан кармалган рэпер Navaiга карата кылмыш иши токтотулуп, ал Казакстандан чыгарылды.
Sputnik Казакстан жазгандай, иш укук бузуу биринчи жолу жасалганын жана шектүүнүн чын жүрөктөн өкүнгөнүн эске алуу менен реабилитациялык эмес негиздер боюнча токтотулган.
Эске салсак, буга чейин Navai Кыргызстандын чек арасында кармалган. Анын унаасынан тыюу салынган зат табылганы кабарланган.
Учурда Кыргызстандын Чек ара кызматы рэпер баңгизат менен «Ак-Жол — автожол» өткөрүү пунктунан кантип өткөнүн тактап жатат.