
.
«Манас» эл аралык аэропортунда тиешелүү документтери жок зер буюмдарды Кыргызстанга алып кирүү аракети аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда жалпы баасы 9,6 миллион сомдон ашкан 376 зер буюм табылган. Алардын 147си алтындан жасалып, жалпы салмагы 396 граммды түзгөн. Ал эми калган 229 буюм күмүштөн болуп, салмагы 1 килограмм 979 граммды түзгөн.
Аталган факты боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынып, тиешелүү укуктук жана салыктык жол-жоболор жүргүзүлгөн.