
2026-жылдын 1-апрелинде саат 17:37 чамасында нөөмөт бөлүмүнө «Калыс-Ордо-2» жаңы конушунун квартал башчысы Талант аттуу жаран 5 жаштагы балага иттер кол салганы тууралуу кабар берген.
Окуя болгон жерге дароо милиция кызматкерлери жөнөтүлүп, маалымат тастыкталган. Жергиликтүү тургундарды сурамжылоонун жыйынтыгында жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. аттуу бала экени жана аталган конушта жашай турганы аныкталган.
Күбөлөрдөн жана окуя тууралуу маалыматы бар жарандардан түшүнүк каттар алынган. Ошондой эле иттер тиешелүү үйдүн ээси аныкталып, аларга карата атуу иш-чарасы жүргүзүлгөн.
Бул факт Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Ошондой эле ошол эле күнү саат 18:00дөр чамасында милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун туристтик ротасынын командири, милиция капитаны Тимурлан Кулназаров Советский–Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан учурда шаар тургундары ага кайрылып, иттердин кол салуусунан жабыркаган баланы тез арада ооруканага жеткирүүгө жардам сурашкан.



